Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн койгон айыбын мойнуна албай, кепке-сөзгө келбей, жулунуп-жулкунуп, кайра өзүнө асылуу, сүйлөтпөө, айтканын төгүнчө чыгарууга аракет кылуу. Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев). Калыйча да жалтанбай беттен алат (Осмоналиев). Арийне ар деп беттен албай, минткени жетекчинин тереңдигинен, өзүн да, сени да сыйлаган дыгынан (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кепке-сөзгө келбей эле оройлонуп бир тийүү, алкынып-албууттана сүйлөө, эч негизи жок эле кайра өзүнө асыла сүйлөө. Орой болсоң таркылдап, Наадандыктын белгиси, Аялың алса бетиңден, Адамдын келет өлгүсү (Токтогул). Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт (макал). Эмне деп отурасың деп, Шуудур Акмат капканга түшкөн ачкүсөндөй шаңк этип, Мөңкөнү беттен алды (Укаев).